2023-жылдын 12-декабрында башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда ректор Төлөбек Абдырахманов түзүм жетечилери менен өндүрүштүк жыйын өткөрдү. Ректор факультет декандары менен институт жетекчилерине дарсканалар менен жатаканалардагы жылытуу системаларынын абалы, студенттердин сабакка катышуусу, кышкы сессияны өткөрүүнүн мөөнөтү, студенттерден түшкөн билдирүүлөр менен иштөөнүн абалы, оӊдоп-түзөө иштери менен контракт төлөөнүн жүрүшү, факультет жана институттардын бюджетин туура, үнөмдүү пайдалануу, Скопуска макала жарыялоо боюнча суроолорду берип, быйыл жогоруда айтылган маселелер боюнча отчеттор менен коюлган пландардын аткарылышы мурункудай эмес, тыкыс текшерилип, катуу талап менен кабыл алынаарын, бюджеттеги акча каражаттары тыйынына чейин эсептелээрин баса белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө Төлөбек Абдырахманов мурдагы проректор Эрлан Базарбаев берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулуп, профессорлук штатка өткөнүн билдирип, анын ордуна 12-декабрдан тартып окуу иштери боюнча проректор болуп дайындалган физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент Жеӊиш Бексултановду тааныштырды. Жаӊыдан дайындалган проректор бул кызмат ал үчүн чоӊ ишеним жана жоопкерчилик экенин, колунан келишинче аракет кылып, КУУнун коллективи менен жигердүү иштешип кетээрине үмүтү чоӊ экенин билдирди.

Андан кийин Төлөбек Абдырахманов Жеӊиш Бексултановду окуу иштери боюнча проректордун кабинетине алып барып, жаӊы кызмат ордуна отургузду. Илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев жаӊы проректорго акжолтой жетекчи болушун каалап, батасын берди.

Кошумча маалымат:

Добавить комментарий