2023-жылдын 11-декабрында санариптик технологиялар борборунда “Билим-стандарт” көз карандысыз аккредитациялоо агентствосу тарабынан эл аралык программалык аккредитациялоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча кезектеги вебинар-тренинг болуп өттү.
Жыйындын модераторлук милдетин окуу башкармалыгынын башчысы Алмазбек Кыдыралиев аткарды. Ал аккредитациядан өтүүнүн зарылдыгын, аталган процедуранын билим сапатын жогоруулатуудагы ролуу тууралуу айтып, сөз кезегин “Билим стандарт” агентигинин директору Э.А.Эсентаевге берди.
Ал билим берүү программаларын аккредициядан өткөрүүнүн маанисин, зарылдыгын, аны өткөрүүнүн жол-жобосун презентациялап, кенен-кесир айтып берди.
Жумушчу мүнөздө өткөн жыйындын жүрүшүндө катышуучулар тарабынан көптөгөн суроолор берилип, алардын баарына так жана аргументтүү жооптор берилди.