2023-жылдын 12-декабрында КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Россиянын Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин (Якутск, Саха Республикасы) эл аралык кызматташтык боюнча проректору Нюргун Максимов жетектеген делегациясын кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар билим берүү жана илим тармагында кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле адистерди даярдоо жаатында тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты. Ректор делегация мүөлөрүнө Улуттук университетке келгени үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы кызматташууну жана аны өнктүрүүнү кааларын билдирди. Жолугушуунун соңунда Төлөбек Абдырахманов менен Нюргун Максимов ТЧФУ менен КУУнун ортосунда кызматташуу келишимине кол коюшту.
Жолугушууга ошондой эле: ТЧФУнун эл аралык кызматташтык кафедрасынын чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу жана адаптациялоо бөлүмүнүн башчысы Саргылана Спиридонова, тарых факультетинин деканы Наталья Стручкова, ТЧФУдагы Кыргыз борборунун жетекчиси, ТЧФУнун Борбордук Азия боюнча өкүлү Дарья Сапалова, КУУнун эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бакыт Келдибеков, тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Туратбек Сырдыбаев, илимий иштер боюнча орун басары Назира Момошева жана окуу иштери боюнча орун басары Гүлзат Чодолдоева катышты.
Жолугушуу эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин көмөгү менен уюштурулду.