2023-жылдын 8-декабрь күнү башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда кесиптик колледж “Котормонун маданий байланыштары, маселелери жана функционалдык аспектилери” деген аталыштагы эл аралык илимий конференция өткөрдү.

Илимий иш чарага Казакстандын Семей шаарындагы “Innovatione” колледжинин, Атырау шаарындагы Ж.Досмухаммедов атындагы жогорку педагогикалык колледжинин, Москва ишкерлик жана укук институтунун жана “Roel” Метрополитен медициналык окуу борборунун окутуучу курамы жана студенттери катышып, докладдарын жасашты. Жыйынга о.э. И.Арабаев атындагы КМУнун, Бишкек инновациялык, Эл аралык университетинин колледждеринин окутуучулары жана студенттери активдүү катышышты. 

Конференцияны илимий иштер боюнча проректору Назаркул Ишекеев менен кесиптик колледждин директору Каныбек уулу Ардакбек  ачып, илимий иштердин жана котормонун актуалдуулугу жана күңгөй-тескейи тууралуу кыскача түшүндүрмөлөрүн, баяндамаларын окуп, жыйын кесиптик колледждин мугалими, филология илимдеринин кандидаты, доцент Лариса Усубалиеванын модераторлугу алдында өттү.

Илимий иш чаранын катышуучулары үчүн атайын “Мыкты баяндама” жана башка номинациялар уюштурулуп, катышуучулар диплом, сертификаттар, ал эми коноктор кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.

(С) Отонбаева Рахима – өндүрүштүк практика  жана методикалык иштер боюнча директордун орун басары

Добавить комментарий