2023-жылдын 8-декабрь күнү И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун профессору У.Э.Мамбетакуновдун чакыруусу менен жазуучу, акын, котормочу, педагог, Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, КР маданиятынын мыкты кызматкери, билим берүүнүн отличниги, Кыргыз билим беруу академиясынын тарбия лабораториясынын башчысы Бермет Алымбаева жана К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин педагогика кафедрасынын доценти, п.и.к. Эльзада Сабырова ПКМДИнин студенттери менен профессордук-окутуучулар курамына «Балдар тарбиясынын башаты – ата-эне» деген темада конок лекция өтүштү.
Иш-чараны мектепке чейинки, мектеп педагогикасы жана билим берүү технологиялары кафедрасынын башчысы, п.и.к, профессор Адылбек кызы Гулназ ачып, студенттерге лекторлорду тааныштырды.
Конок лекция интерактивдүү формада кызыктуу өтүлдү. Студенттер тарабынан суроолор берилип, кеңири маалыматка ээ болушту.
Аталган конок лекция башка окуу жайлардын профессордук-окутуучулар жамааты менен тыгыз байланышта болуп, алар менен тажрыйба алмашуу максатында уюштурулду.
Кафедра башчысы Б.Б.Алымбаева менен Э.С.Сыдыковага ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалап, студенттерди сапаттуу билим алууга үндөдү.
(С) Адылбек кызы Г. – МЧМПжББТ кафедрасынын башчысы, п.и.к, профессор