2023-жылдын 6-декабрь күнү география, экология жана туризм факультетинин студенттери Бишкек шаарындагы кулагы начар уккан атайын мектеп-интернатка кайрымдуулук иш-чарасы менен барышты. Студенттердин колдоосу, бүтүрүүчүлөрдүн жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен чогулган суммага белектер алынып, балдарга тапшырылды.
Студенттерге мектеп-интернаттын тарыхы, азыркы абалы, өзгөчө окуучулардын спорттогу жетишкендиктери, аларга түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берилип, балдар менен жүздөшкөнгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Студенттер балдарды келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап,окууларына ийгилик каалап, келечекте бийиктиктерди багынткыла деген жылуу сөздөрү менен бөлүштү.
(С) Байсеитова М.Р. – тарбия иштери боюнча декандын орун басары