2023-жылдын 6-декабрында кыргыз филологиясы факультетинин студенттери аялзатына карата болуп жаткан зордук-зомбулук боюнча талкуу уюштурушту. Студенттер бүгүнкү күндөгү окуяларды эске алышып, алардын чыгуу себептерин жана кантип алдын алуу керектигин талкуулашты.
Жыйынтыгында, мындай иш-чаралар көп болушу жана аялзатына болгон сый-урмат тууралуу атайын видео-роликтерди, алардын баркын көтөрүп туруу максатында дайыма мамлекеттик деңгээлде иштерди жасаш керектигин эскертишти.
Иш-чара кыздардын бийиктиги, намыскөйлүгү, урматтуулугу жана назиктиги тууралуу чагылдырылган обондуу ырлар менен жыйынтыкталды.
(С) Актилек Солтоноев — декандын орун басары