2023-жылдын 6-декабрында математика жана информатика факультетинде «Билим берүү тармагындагы паракорчулукту жоюу маселелери» темасында иш чара өттү. Декандын окуу иштери боюнча орун басары Фархат Назарбаев сөз сүйлөп, билим берүү – элдердин социалдык биримдигинин гарантиясы, эгерде коом системанын корупциялангандыгы жөнүндөгү түшүнүккө толук келсе, анда ал өзүнүн элинин келечегине ишенбей калаарын белгилеп, мындайга жол бербеш үчүн биз баарыбыз даяр болушубуз керек экендигин студенттерге түшүндүрдү.

Чогулуштун жүрүшүндө катышуучулар коррупциянын пайда болуу себептери, ЖОЖдо бирден-бир коррупциянын негизи – жалгыз гана мугалимдердин акча алуу үчүн мажбурлоосу эмес, аны менен бирге студенттердин өздөрүнүн экзамендерге даярдануусунун начарлыгы жана ата-энелеринин акчаларынын жардамы аркылуу мындай абалдан чыгуусу, паракорчулуктун формалары жөнүндө кеңири маалымат алышты.

Иш чаранын соңунда, факультет студенттери ЖОЖдогу коррупцияга каршы күрөшүүнүн жолдорун, паракорчулуктун кеңири таралышынын негизги себептери болуп экономикалык жана социалдык факторлор эсептелерин билишти.

Ушуну менен бирге кыргыз элинин улуу инсаны көрүнүктүү жана белгилүү коомдук ишмер Исхак Раззакович Раззаков айтып кеткен созун дайыма ар бирибиз жүрөгүбүздө тутушубуз керек: «Сен таза болсон, мен таза болсом, коом таза болот».

(С) Бактияр Рахманкулов – тарбия  иштери боюнча декандын орун басары ф.м.и.к., доцент

Добавить комментарий