2023-жылдын 7-декабрь күнү Улуттук университеттин санариптик технологиялар борборунда билим берүү тармагындагы мамлекеттик тилдин абалына арналган тегерек стол болуп өттү. Жыйынды Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева ачып, өткөрүлүп жаткан иш-чара Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулганын билдирди жана жыйынга келген конокторду тааныштырды.

Кыргызстандын гимни аткарылган соң, алгачкы сөз Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовго берилип, ал “Улуттук нарк жана мамлекеттик тил” деген темада баяндама жасады.

Билим  берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева өзү жетектеген ведомстводогу мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселелери тууралуу айтып берди.

Мамлекеттик кызматкерлердин тилди билүү деңгээлин баалоо маселелери боюнча “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская билдирүү жасады.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев Билим берүү жана илим министрлигиндеги мамлекеттик тилдин абалы жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык мыйзамдын кабыл алынышы, о.э. анын ишке ашырылуусу тууралуу” сөз кылды.

Баяндамалар боюнча талкууга Президенттик Администрациянын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, УИАнын академиги Сыртбай Мусаев, Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев жана Бишкек гуманитардык университетинин ректору Абдылда Мусаев катышты.

Жыйындын соңунда тегерек столдун катышуучулары Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева тарабынан сунушталган кайрылууну кабыл алышты.

Тегерек столго о.э. Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын ректорлору, орто кесиптик окуу жайлардын директорлору, мамлекеттик тил боюнча адистер, лингвист-эксперттер жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

Добавить комментарий