Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинде окуп жаткан КУУнун 3-курс студенттери Темиркулов Акылмырза менен Карыбеков Кутманбек Казакстан Республикасынын улуттук валюта күнүнө карата Л.Н.Гумилев атындагы ЕУУда өткөрүлгөн “Казакстан теңгесине 30 жыл” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагындагы конкурска “Кыргыз сомунун Евразия экономикалык бирлигиндеги келечеги” жана “Кыргыз сомуна 30 жыл” деген макала менен катышып, Акылмырза 2-даражадагы, Кутманбек 3- даражадагы диплом менен сыйланышты.

Макаланы жазууга мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин окутуучулары илимий жетекчилик кылышты.

(С) Саадат Шерматова – академиялык мобилдүүлүк, билим берүүнун экспорту жана тармактык магистратура бөлүмүнүн башчысы

Добавить комментарий