2023-жылдын 30-ноябрында №6 окуу имаратынын 217-кабинетинде “Scopus маалымат базасында индекстелген журналга илимий макала жазуу жана жарыялоо маселелери” аттуу кезектеги семинар болуп өттү.

Сабакка география, экология жана туризм, биология, о.э. химия жана химиялык технология факультеттеринин окутуучулук-профессорлор курамы катышты.

Семинарды илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев ачып, ар жумада өткөрүлүп жаткан бул семинарлар маанилүү жана жоопкерчиликтүү иш чара экендигин белгилеп, окутуучулук-профессорлор курамын активдүү катышып берүүгө үндөдү.

Илимий метрикалык жана илимий изилдөөлөрдү уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Асель Шайылдаева корпоративдик почта менен иштөө, РИНЦ базасына катталуу, Scopus базасын Orcid менен айкалыштыруу, Google Академияга авторлордун макаласын байланыштыруу өзгөчөлүктөрүнө токтолуп өттү.

Кыргыз республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин эксперти, Ph.D. АКШ Миннесота университетинин бүтүрүүчүсү, Эл аралык “Ала-Тоо” университетинин доценти Урмат Тыналиев өз идеялары жана жеке тажрыйбасы менен бөлүшүп, кеңири жана кызыктуу баяндама куруп берди.

Келечек үчүн зарыл болгон демилгелерди көтөрүп, жаңы ийгиликтерди жарата берүүңүздөргө биз ар дайым тилектешпиз, урматуу кесиптештер!

(С) Рашитова Асел – илимий метрикалык жана илимий изилдөөлөрдү уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси

Добавить комментарий