2023-жылдын 29-ноябрь күнү башкы имараттагы кичине жыйындар залында КУУнун студенттик өзүн-өзү башкаруу өкмөтүнүн мүчөлөрүнө расмий түрдө күбөлүк тапшыруу аземи болду. Жыйындын башында мурдагы студенттик кеңештин төрагасы Күмүшбек Баатырбаев аткарылган иштери боюнча отчет берди.

Андан кийин Улуттук университеттин ректору Төлөбек Абдырахманов сөз сүйлөп, студенттерге кеп-кеңешин айтты жана КУУнун студенттик өзүн-өзү башкаруу өкмөтүнүн мүчөлөрүнө күбөлүктөрдү тапшырды.

Аземдин соңунда студенттик өзүн-өзү башкаруу өкмөтүнүн төрагасы Равшан Ашымов алдыдагы пландары менен тааныштырып, командасына ийгилик каалады.

Студенттик өзүн-өзү башкаруу өкмөтүнүн мүчөлөрү:

  • Равшан Ашымов – студенттик өзүн-өзү башкаруу өкмөтүнүн төрагасы
  • Адис Рысбеков – СӨӨБӨ төрагасынын орун басары
  • Айпери Акылбек кызы – СӨӨБӨнүн премьер-министри
  • Мадина Казылаева – СӨӨБӨнүн жооптуу катчысы
  • Медина Темирбекова – СӨӨБӨнүн билим министри
  • Айдай Жолдошова – СӨӨБӨнүн маданият министри
  • Аалымбек Мелис уулу – СӨӨБӨнүн спорт министри
  • Тимурлан Жумабеков – СӨӨБӨнүн медиа-борборунун жетекчиси
  • Айбийке Жумабаева – СӨӨБӨнүн акыйкатчысы.

(С) Абдыбекова Айжан – тарбия жана жатаканалар иштери боюнча сектордун координатору

Добавить комментарий