2023-жылдын 29-ноябрь күнү Улуттук университетте түркмөн элинин гана эмес бүтүндөй Күнчыгыш, ал турсун дүйнөлүк адабияттын улуу өкүлү Мактымгулунун 300 жылдыгына карата уюштурулган тегерек стол болуп өттү.

Адабий иш чараны ачып жатып мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, профессор Садык Алахан Мактымгулунун өмүрү жана чыгырмачылыгы жөнүндө даярдалган бетачар кебин (презентациясын) сунуштап, андан соң Түркмөнстандын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Голлиев Нуры мырзага сөз берди. Элчи мырза өз сөзүндө Мактымгулунун чыгармаларындагы адамсүйүүчүлүк (гуманисттик) идеянын биринчи орунда турарын кызыктуу жана жүрөккө жетерлик баяндап берди.

Андан соң соз алган илимий иштер боюнча проректор, профессор Назаркул Ишекеев, КУУнун мурдагы ректору, профессор Канат Садыков, дүйнөлүк саясат институтунун директору Шерадил Бактыгулов, коомдук ишмер Калнур Ормушевдер Мактымгулунун дүйнөлүк адабиятка кошкон салымы тууралуу кенири айтып беришти. Тегерек столго катышып отурган студенттердин бир тобу да Макмгулунун (Прагынын) чыгармачлыгы тууралуу өз ойлорун ортого салышты.  

Добавить комментарий