2023-жылдын 27-ноябрь күнү Синьцзян педагогикалык университетинин экономика институтунун директору, профессор Ван Вейчжан мырза Улуттук университеттин студенттерине “Бир алкак, бир жол долбоорунун Борбордук Азияга тийгизген таасири жана Кытай-Борбор Азия соода сатык мамилеси” деген темада лекция окуду.

Ал өз сөзүндө Кыргызстан менен Кытайдын соода алакасы жылдан жылга өсүп, «Бир алкак, бир жол» долбоору бүтүндөй Борбор Азияга оң таасирин тийгизип жатканын айтып, Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды Кытай базарында сатуу керектигин, анткени Кытай ишкерлер үчүн эбегейсиз чоң базар экенин баса белгиледи.  Ал о.э. Кыргызстандын экономикасын өстүрүү үчүн чек арага жакын жерлерде эркин экономикалык аймактарды өнүктүрүү керектигин айтып, сөзүнүн аягында Улуттук университеттин студентерин кытай тилин жакшып окуп, СПУнун экономика институтуна окууга чакырды.

(С) Масалбек Сулайманов – Конфуций институтунун кыргыз тараптан директору

Добавить комментарий