2023-жылдын 27-ноябрь күнү курамында илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор Садык Алахан, тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Туратбек Сырдыбаев, Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын башчысы Темиркул Асанов, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Аскарбек Беделбаев, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Анаркүл Жанакеева жана тарых илимдеринин кандидаты, улук окутуучу Нуриза Кадыралиевалар болгон комиссия экинчи отурумуна чогулуп, бул ирет Улуттук университеттин негизделген датасын тактоо маселесин карашты.

Топтолгон архивдик материалдарды тыкыр карап чыгуунун натыйжасында комиссия тиешелүү чечим кабыл алды.

Добавить комментарий