2023-жылдын 23-ноябрында башкы имараттагы кичи жыйындар залында “Scopus маалымат базасында индекстелген журналга илимий макала жазуу жана жарыялоо маселелери” аттуу кезектеги семинар болуп өттү.

Иш-чарага журналистика жана коммуникация, тарых жана чөлкөм таануу институттарынын окутуучулук-профессорлор курамы катышты.

Семинарды Билим берүү жана илим министрлигинин эксперти, Ph.D, АКШнын Миннесота университетинин бүтүрүүчүсү, “Ала-Тоо” эл аралык университетинин доценти Урмат Тыналиев өттү. Ал илимий маалымат базалары менен иштөөнүн ыкмалары, илимий макалаларга шилтеме берүү жана анын көрсөткүчтөрү боюнча кызыктуу баяндама жасап, сунуштарын берди.

Scopus, Web of Science, Google Scholar, РИНЦ маалымат базаларындагы басылмаларга макалаларды чыгаруу жаатында максаттуу өткөрүлүп жаткан бул иш чаралар окутуучулук-профессорлор курамынын маалымдуулугун жана активдүүлүгүн жогорулатууга мыкты түрткү берет деген ойдобуз. Университетибиздин келечегине кайдыгер карабаган, идеяга бай, татыктуу долбоорлорду ишке ашырууга кадам таштаган жалпы жамаатка ийгилик каалайбыз.

(С) Рашитова Асел – илимий метрикалык жана илимий изилдөөлөрдү уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси

Добавить комментарий