2023-жылдын 22-ноябрь күнү КУУнун чоң жыйындар залында И.Ч.Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун биринчи курс студенттерин тосуп алуу аземи болуп өттү.

Салтанаттуу кечени институттун директору Рахат Сулайманова ачып, катышуучуларды Студенттер күнү менен кутуктады.

Институттун негиздөөчүсү И.Ч.Исамидиновдун үй-бүлөсү «Эң мыкты жетишкендиктери жана иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн» студенттерге премия жана ардак грамоталарды ыйгарышты.

Студенттер ардак грамоталар менен институт тарабынан да сыйланышты.

Андан кийин институттун окутуучулары жана тосуп алуучу курстун студенттери да 1-курстун келечек ээлерин куттукташып, чакан концерт коюп, 2-курстун студенттери тарабынан даярдаган “Студенттик китепчени” эстафета катары өткөрүп беришти.

Иш чаранын соңунда 1-курстардын ант берүү аземи болду.

Майрамдын коноктору:

  • Илимий иштер боюнча проректор, педагогика илимдеринин доктору, профессор, кыргыз адабиятын окутуунун методикасы боюнча адис Назаркул Ишекеев
  • Мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректор, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги Садык Алахан (Тиллебаев Садык Алаханович)
  • И.Ч.Исамидинов агайдын үй-бүлөсү.

Салтанаттын уюштуруучу тобуна өз ыраазычылыгыбызды билдиребиз

(С) Кыдыралиева Айжан – ПКМДИнин пиар-менеджери

Добавить комментарий