2023-жылдын 22-ноябрь күнү Кытай коомдук илимдер академиясынын Россия, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия (РЧЕБА) институтунун өкүлчүлүгү кыргыз-кытай институтуна келди. Делегация мүчөлөрүн КУУнун инвестициялар боюнча проректору Гүлбара Сыдыкова тосуп алды.

Ɵкүлчүлүктүн курамы: 

  • Цзян Цзин – РЧЕБА институтунун алдыңкы илимий кызматкери
  • Сюй Полинь – РЧЕБА институтунун Россия экономикасын изилдөө бөлүмүнүн башчысы, башкы илимий кызматкер
  • Чжан Нин – РЧЕБА институтунун Борбордук Азияны изилдөө бөлүмүнүн башчысы, башкы илимий кызматкер
  • Гао Цзисян – РЧЕБА институтунун Россия экономикасын изилдөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары, башкы илимий кызматкер.

ККИ директорунун орун басары А.А.Бейшеева менен институттун ИИБнин жетекчиси Р.У.Юсупов Кытайдан келген конокторду институттагы окуу процесси менен тааныштырган соң, коноктор ККИнин магистранттары менен пикир алышып, алардын окууларына ийгилик каалашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай достук мамилелерин тереңдетүү максатында келечекте эки тараптуу кызматташтык жолдорун талкуулашты. Проректор Г.Б.Сыдыкова ККИАнын өкүлдөрүн университеттин түзүмү менен тааныштырып, кытай тили кыргыз-кытай институтунан тышкары башка факультеттерде да терең окутулаарын билдирди. – Учурда кытай тилине талап көбөйгөнүнө байланыштуу келечекте кызматташтык тармактарын  кеңейтүү жолдорун максат кылып турабыз, – деди Гүлбара Сыдыкова.

Эки тараптуу пикир алышуунун жүрүшүндө Кытай Эл Республикасында Кыргыз Республикасын изилдөө борборун ачуу, Кыргызстандын тарыхын кытай тилине которуу сыяктуу проектилер талкууланып, келечекте эки тараптын жетекчилеринин жолугушуусунда кызматташтык боюнча меморандум түзүү белгиленди.

(С) Кочорбаева Радима – ККИ директорунун илимий иштер боюнча орун басары

Добавить комментарий