2023-жылдын 23-ноябрында Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган мырза башкы имараттагы чоң жыйындар залына КУУнун студенттери менен жолугушуп, эл аралык мамилелер жана элчилик кызматтын өзгөчөлүктөрү тууралуу лекция окуду жана студенттердин суроолоруна жооп берди.

Жыйынды эл аралык кызматташтык жана байланыштар департаментинин директору Бакыт Келдибеков ачып, сөз кезегин КУУнун ректору Толөбек Абдырахмановго берди. Ал Улуттук Университетке башка өлкөлөрдүн элчилери келип, лекция окуп берүүсү салтка айланып баратканын белгилеп, -Түркия тууралуу маалыматтар абдан көп, бирок аларды Элчинин өз оозунан угуу – абдан кызыктуу нерсе. Мындай мүмкүнчүлүк боло бербейт. Ошондуктан, Ахмет Садык Доган мырзанын сөзүн көңүл буруп, жакшылап угуп, кызыккан суроолорду берип алсаңар болот, – деди.

Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган мырза бүгүн Улуттук университетке маектешүүнү каалап келгенин айтып, жолугушууга кайсы факультеттердин студенттери келгенин сурады. Залда отургандар эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу, чет тилдер, кыргыз филологиясы факультеттеринин студенттери экенин билген соң, аталган багыттар боюнча сөз улады.

“Эл аралык мамилелер бузулса, оңолушу оңойго турбайт. ШОС, СНГ, ТМУ сыяктуу аймактык бирикмелер маанилүү, бирок ар бир мамлекет өлкө катары күчтүү болуш керек”, – деди ал эл аралык мамилелер жана чыгыш таануу факультетинин студенттерине.

Чет тил факультетинин студенттерине кайрылып, Элчи мырза жаш өткөн сайын тил үйрөнүү кыйынга тураарын, ошондуктан жөн эле көп тил үйрөнүүгө далалат кыла бербей, эки тилди жеткиликтүү жана сапаттуу билип алуу дипломат үчүн жетиштүү экенин белгиледи.

Болочок филологдор отурган тарапты карап, Ахмет Садык Доган мырза “Адабиятты билбегендер жазганды да, сүйлөгөндү да билбейт. Дипломат ар кандай романдардан фразаларды кошуп, кооз сүйлөш керек. Ата-бабалардын каада-салтын, адаттарын билиш керек. Студенттик кезде ырахат алып окуп, дүйнөтаанымды кеңейтиш керек. Газета-журналдарды көп окуп, искусство менен да алектенгиле. Булар личность катары калыптандырат. Күчтүү характер – бул өжөрлүк эмес, бул – чечкиндүүлүк жана дүйнөтаанымдын кенендиги”, – деди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ал о.э. Кыргызстанга келгенине 2,5 жыл болгонун, буга чейин Казакстан, Украина, Англия, Россия жана Болгария өлкөлөрүндө иштеп келгенин, Кыргызстанда элчи болуу – ал үчүн сыймык экенин билдирди. Ахмат Садык Доган мырза студенттерге Түркиянын дүйнө өлкөлөрүндөгү өкүлчүлүктөрү, Кыргызстанда аткарылып жаткан иштер, азыркы учурда дүйнөдө болуп жаткан окуялар жана Бириккен Улуттар Уюмунун аларды жөнгө салуудагы ролу тууралуу да айтып берди.

Элчи мырза студенттердин суроолоруна жооп бергенден кийин, ректор Төлөбек Абдырахманов маанилүү жана маңыздуу лекциясы үчүн ага терең ыраазычылык билдирип, кыргыздын салты боюнча калпак, чепкен кийгизди.

Добавить комментарий