2023-жылдын 21-22-ноябрь күндөрү ЮНЕСКО-ICHEIдин программалык менеджери Тим Танг мырза башкы имаратагы смарт-класста КУУнун окутуучулары менен IT адистерине аталган класста орнотулган техникалык жабдыктар жана программалык камсыздоо менен иштөө боюнча трениг өттү.

Тренингдин жүрүшү менен ректор Төлөбек Абдырахманов да таанышып, Тим Танг мырзага ийгиликтерди каалады.

Кытайдан келген адис алгач бир жумадан бери смарт-класска орнотулган техникалык каражаттар ишке киргизилип, аларга тиешелүү программалык камсыздоо орнотулуп, инсталляция болгонун, алардын жардамы менен толук интерактивдүү билим берүү чөйрөсү түзүлгөнүн жана бул жерде бир эле учурда 50 студентке лекция, семинар, тренинг, мастер-класс жана башка иш-чараларды өткөрүүгө болоорун айтты.

Андан кийин Тим Танг мырза окутуучулар менен техникалык адистерге смарт-класста орнотулган техникалык жабдыктар жана программалык камсыздоо менен иштөөнү үйрөттү. Катышуучулар заманбап технологиялар менен таанышып, аларда иштөөнү практикалашты. Сабактын жүрүшүндө көптөгөн суроолор жаралып, кытайлык адис алардын баарына мазмундуу жоопторду берди. Ал эми тренинг учурунда байкалган айрым программалык каталарды жана маселелерди 2 айдан кийин кайрадан өзү же башка адис келип, чечип берүүнү, башка суроолорго атайын чат аркылуу жооп берип тураарын убадалады.

Тренингге бардык факультеттердин өкүлдөрү, инновациялар, санариптештирүү жана стратегиялык өнүктүрүү  боюнча проректор Ирина Дмитриенко, маалыматтык технологиялар борборунун башчысы Улан Мусаев, анын орун басары Шайлообек Карагулов катышты.

Добавить комментарий