2023-жылдын 21-ноябрында КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында Кыргыз Республикасынын эл акыны, III даражадагы “Манас” ордени жана “Даңк” медалынын ээси, жазуучу, драматург Меңди Мамазаированын 80 жаш мааракесине арналып өткөрүлгөн салтанаттуу кечеге катышты.

Ректор Меңди Мамазаированы кутман курагы менен чын дилинен куттуктап, эл акыны 80 жылдык өмүрүндө көптөгөн көрүнүктүү чыгармаларды жаратып, татыктуу жашоо кечиргенин белгиледи жана калк ичинде кадыр-баркы жогорулап, ар дайым сый үстүндө болуп жүрө беришине тилектеш экендигин билдирди.

Добавить комментарий