Веб-аналитика тармагындагы SimilarWeb компаниясынын сайтынан алынган маалымат боюнча КУУнун сайтына 2023-жылдын июль-сентябрь айларында жалпысынан 243 миң 516 адам кирсе, август-октябрь айларында бул көрсөткүч 308 миң 111 адам болуп, өсүш 64 миң 595 адамды түздү.

Алардын 75 пайызга жакыны биздин сайтка атайын издөө системалары, 20% пайызы браузерден тикеден-тике URL-адрес аркылуу киришкен. Калган 5 пайызы КУУнун сайтын электрондук почтадагы, социалдык тармактардагы, жарнамалардагы шилтемелер, о.э. рефералдык шилтемелер боюнча табышкан.

Албетте, жогоруда келтирилген сандар азбы, көппү деген суроо туулат. Ал үчүн өзгөчө статус алган 5 университеттин көрсөткүчтөрүн карап, салыштырууга болот:

Июль-Сентябрь 2023

  1. КУУ = 243 миӊ 516 адам
  2. КММА = 158 889
  3. ОшМУ = 109 884
  4. КМТУ = 62 306
  5. КМАУ = 24 554

Август-Октябрь 2023

  1. КУУ = 308 миӊ 111 адам
  2. КММА = 208 595
  3. ОшМУ = 106 213
  4. КМТУ = 78 645
  5. КМАУ = 29 311

Диаграммада көрүнүп тургандай, КУУнун сайтынын көрсөткүчтөру азырынча жаман эмес.

Бирок, урматтуу кесиптештер жана сайтыбыздын коноктору, ушул темпибизден жазбай сайтка күндө кирип, Улуттук университетте болуп жаткан жаңылыктар менен таанышып, сунуш-пикирлерибизди айтып, дайым байланышта болуп туралы.

Улуттук университеттин сайты менен социалдык тармактардагы баракчаларын томсортпой, аналитикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатууга кошуп жаткан салымыңыздар үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылык!

Добавить комментарий