2023-жылдын 20-ноябрь күнү КУУнун ректору Төлөбек Абдырахманов, окуу иштери боюнча проректор Эрлан Базарбаев, мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнч апроректор Садык Алахан жана тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору Туратбек Сырдыбаев Москва Олимпиадасынын чемпиону, оор атлетика боюнча дүйнөнун 4 жолку, Европанын 2 жолку чемпиону, Эмгек Кызыл Туу жана I даражадагы “Манас” ордендеринин ээси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Каныбек Осмоналиевдин 70 жылдыгына карата Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болуп өткөн салтанаттуу кечеге катышты.

Маараке ээсинин өмүр жолу жана спорттогу жетишкендиктери тууралуу “Кыргызфильм” студиясы тарабынан тартылган “Бийиктик” аттуу даректүү тасма көрсөтүлгөн соң, жыйындын алып баруучусу, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору Кыргызбай Осмонов сөз кезегин куттуктоолорго узатты.

Каныбек Осмоналиевди 70 жылдык мааракеси менен Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов, бокс боюнча Дүйнөнүн, Европанын жана СССРдин чемпиону Орзубек Назаров жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов куттукташты.

Каныбек Осмоналиев куттуктоо айткан инсандарга жана салтанаттуу кечеге келип берген конокторго терең ыраазычылык билдирип, спорттогу жетишкендиктери менен элдин тилегин аткаргандыгын билдирди.

Салтанаттуу кече майрамдык концерт менен жыйынтыкталды.

Добавить комментарий