2023-жылдын 16-ноябрында ректораттын жыйындар залында Улуттук университеттин каржы комитетинин алгачкы отуруму болуп өттү. Жыйынды административдик-чарба иштери боюнча проректор Бакыт Айтахунов ачып, аталган комитетти түзүү жана анын курамы тууралуу ректордун буйругун окуп берди.

Отурумдун жүрүшүндө комитеттин ишмердүүлүгү тууралуу ар кандай ой-пикир, сунуштар айтылып, жыйынтыгында аталган комитеттин төрагасы болуп мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу     факультетинин экономиканы мамлекеттик жөнгө салуу кафедрасынын башчысы Издевалды Искаков, ал эми катчылыгына социалдык-гуманитардык илимдер факультетинин философия, маданияттын  теориясы жана тарыхы кафедрасынын доценти, аталган институттун директорунун орун басары Аида Качкынова бир добуштан шайланды.

Белгилей кетсек, каржы комитети КУУнун каржы-чарбалык ишмердүүлүгүнүн стратегиялык багыттарын аныктоо, каржы ресурстарын натыйжалуу жана ачык-айкын пайдаланууну камсыз кылуу, о.э. каржылык мониторинг жүргүзүү максатында түзүлгөн.

Добавить комментарий