2023-жылдын 15-ноябрында Кожомкул атындагы спорт ордосунда салтка айланып калган КУУнун 1-курс студенттерин тосуп алуу аземи болуп өттү. Жаштар саясаты жана спорт боюнча департамент менен журналистика жана коммуникация институту тарабынан уюштурулган салтанаттуу иш-чараны ректор Төлөбек Абдырахманов ачып, Улуттук университеттин босогосун жаңыдан аттаган 1-курс студенттерин майрамы менен куттуктап, ак жол каалаган соң, юридика институтунун 1-курс студенти Жумабаев Майрамбекке символикалуу “Сынак китепчеси” тапшырылды.

Ректор быйыл Улуттук университет окууга тапшырып, өткөн абитуриенттердин саны боюнча 1-орунду, ЖРТда алган орточо баллы боюнча 5-орунду, ал эми ЖРТнын абсолюттук баллы боюнча 1-орунду алганын белгилеп, – Улутттук университетти тандап алганыңар үчүн силерге, силерди жолдогон ата-энеңерге, силерди эрезеге жеткирип, билим берген эже-агайларыңарга ыраазычылык билдирем. Биздин университеттен чыккан белгилүү инсандар абдан көп. Силердин араңардан да ошондой мыкты адамдар чыгат деп терең ишенем. Ушул залда отургандардын ондон бири эле ошондой чыгып берсе, Кыргызстаныбыздын келечеги кең болот. Мамлекетибиздин желегин көтөрө турган силерсиңер. Ал үчүн силер башкача ой жүгүртүшүңөр керек. Биз болсо силердин, силердин ата-энеңердин үмүтүн актап, жакшы билим-тарбия берип, окутканга аракет кылабыз. 4 жыл бат эле өтүп кетет. Бул аралыкта силер билимде да, чыгармачылыкта да, спортто да, коомдук иштерде да абдан көп нерселерди алышыңар керек. Ал үчүн силерден сураныч: аябай активдүү, тырышчаак болгула, – деди.

Студенттерге каалоо-тилек жана куттуктоо сөздөрүн о.э. мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин деканы Кундуз Базакеева, кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков, журналистика жана коммуникация институтунун директору Ширин Костюк айтышты.

Юридика институтунун 1-курс студенти Жумабаев Майрамбек студенттик турмушту жаңыдан баштаган кечээки абитуриент, бүгүнкү студенттердин атынан 4 жыл бою “Улуттук университеттин студенти” деген наамга татыктуу билим алып, аны Кыргызстандын өнүгүүсүнө колдонууга, үлгүлүү жүрүш-турушу менен КУУнун студенттеринин салттарын улантууга ант берген соң, майрамдык салтанат чоң программадагы концерт менен уланды. Концертке белгилүү ырчылар Эрлан Андашев, Зари, Омар, Суран Садыбакасов, Сагын Эргешов, Айгерим Эшим, Султан Садыралиев, Гүлжигит Калыков, Кайрат Примбердиев жана КУУнун таланттуу студенттери катышып, өз өнөрлөрүн элге тартуулашты.

Майрамдык иш чарага о.э. илимий иштер боюнча проректор Назаркул Ишекеев, факультет декандары жана башка түзүм жетекчилери катышты.

Добавить комментарий