Факультеттер аралык дене тарбия жана спорт кафедрасынын ага окутуучусу Бакыт Кадыров 2023-жылдын 10-12-ноябрь  күндөрү Латвиянын Даугавпилс шаарында болуп өткөн джиу-житсу боюнча дүйнө биринчилигине 85 кг салмактык категорияда катышып, чемпиондук наамды жеңип алды.

Ал эми биология факультетинин студенти, жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Айнуска Калил кызы 11-ноябрь күнү Дубайда болуп өткөн жарым марафон боюнча Азия чемпионатында 1-орунду ээледи.

ФАДТС кафедрасынын жамааты КУУнун спортчуларын мелдештердеги жеңиштери менен кызуу куттуктайт!

Урматтуу чемпиондор, бул жеңишиңер менен токтоп калбагыла. Дайыма кайраттуу, өзүнө ишенген, алдыга умтулган, атаандаштар менен тоскоолдук, кыйынчылыктардан коркпогон инсан бойдон кала бергиле. Талантыңар өсө берсин. Жакындарынар дайым колдосун. Алдыда силер үчүн көптөгөн кызыктуу мелдештер жана татыктуу жеңиштер болсун. Ар бир жеңиш менен күчтүү болгула.

Силер мыктысыңар, биз силер менен сыймыктанабыз!

(С) Гүлзат Токонова – ФАДТС кафедра башчысынын орун басары, ага окутуучу

Добавить комментарий