2026-жылдын 23-апрелинде №5 окуу имаратынын жыйындар залында келечектеги социалдык иш адистеринин чыгармачылыгын жана кесиптик деңгээлин даңазалаган салтанаттуу фестиваль болуп өттү. Иш-чара Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун социология жана социалдык иштер кафедрасы тарабынан уюштурулуп, ага университеттин жетекчилиги, окутуучулар курамы, чакырылган коноктор социалдык иш багыты боюнча кесиптик колледжт жана студенттер катышты.

Фестивалдын алкагында өткөрүлгөн сынактарды жана студенттердин өнөрүн калыс баалоо үчүн атайын чакырылган эксперттик топ түзүлдү. Калыстар тобунун курамында тажрыйбалуу практиктер жана окумуштуулар орун алды: дин таануу жана теология кафедрасынын башчысы, философия илимдеринин доктору,профессор Осмонова Д.А., директор СГИИ, доцент Жусубалиев А.Р., социология жана социалдык иштер кафедрасынын башчысы, доцент Малтабаров Б.А., доцент Шайылдаева А.К.

Фестивалдын алкагында студенттер өздөрүнүн билим деңгээлин гана эмес, чыгармачылык потенциалын да жаркын чагылдырып беришти.  Студенттер социалдык кызматкердин образын, кесиптин кыйынчылыктарын жана кубанычтарын сахналаштырылган көрүнүштөр, ыр-бийлер аркылуу көрсөтүштү. Болочоктогу адистер социалдык маселелерди чечүүгө багытталган өз долбоорлору жана идеялары менен бөлүшүп, кесиптик даярдыгынын жогору экендигин далилдешти.

Фестивалда студенттер өздөрүнүн курстарына жараша төмөнкү командаларга бөлүнүп, күч сынашты:

  1. «Үмүт» командасы (1-курс)
  2. «Умтулуу» командасы (2-курс)
  3. «Биримдик» командасы (3-курс)
  4. «Вектор» командасы (Колледж)

Калыстар тобу катышуучулардын кесиптик деңгээлин, маселелерди чечүүдөгү креативдүүлүгүн жана сахнадагы чеберчилигин атайын иштелип чыккан критерийлердин негизинде баалашты. Кызуу таймаштын жана калыстар тобунун калыс баалоосунун жыйынтыгында орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:

  • Гран-При Кубогу: «Үмүт» командасы (1-курс) — өздөрүнүн өзгөчө даярдыгы жана креативдүүлүгү менен эң жогорку упайга ээ болушту.
  • I орун: «Умтулуу» командасы (2-курс).
  • II орун: «Биримдик» командасы (3-курс)
  • III орун: «Вектор» командасы (Колледж).

Жеңүүчүлөргө жана өзгөчөлөнгөн студенттерге кафедра тарабынан сыйлуу белектер жана китептер салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Уюштуруучулардын айтымында, бул фестиваль студенттердин кесипке болгон кызыгуусун арттыруу жана алардын социалдык жоопкерчилигин бекемдөө максатын көздөйт. Катышуучулар иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулганын жана мындай форматтагы майрамдар тажрыйба алмашууга чоң өбөлгө түзөрүн белгилешти. Бул фестиваль келечектеги адистер үчүн чоң шыктануу берип, кесиптик жолдогу алгачкы ийгиликтүү кадамдарынын бири болуп калды.

«Социалдык иштер багытынын кесиптик фестивалы» майрамдык маанайда, жылуу маанайдагы каалоо-тилектер жана эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

(С) Кошбакова Батмадоцент

Добавить комментарий