Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Сүлүктү шаарындагы А.А.Машрабов атындагы гуманитардык-экономикалык институтунун (СГЭИ) медициналык колледжинин “Фармация” жана “Медайым иши” адистиктери Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин (ААОПО) эксперттеринин  чечими менен 5 жылдык мөөнөткө аккредитациядан ийгиликтүү өттү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө билим берүү программалары, окутуунун сапаты, студенттердин жетишкендиктери, материалдык-техникалык база жана практикалык даярдык комплекстүү бааланды.

Бул жыйынтык жалпы  жамааттын жоопкерчиликтүү эмгегинин жана сапаттуу билим берүүгө болгон аракетинин натыйжасы.

Бардык профессордук-окутуучулар курамын, кызматкерлерди жана студенттерди куттуктайбыз! Мындан ары да ийгиликтер арбый берсин!

(С) Айша Абдиева — ФжПББ кафедрасынын ага окутуучусу, тарых илимдеринин кандидаты

Добавить комментарий