2026-жылдын 29-апрелинде №8 окуу имаратындагы конференц-залда Кадрларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу институтунун (ККДКЖ) жогорку кесиптик билим берүү тездетилген программасынын “Педагогика”, “Психология”, “Экономика” жана “Юриспруденция” багыттары боюнча окуусун ийгиликтүү аяктаган 301 бүтүрүүчүгө диплом тапшырылды.
КУУнун мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректору Назаркул Ишеекев салтанаттуу аземде бүтүрүүчулөргө ак жол каалап, куттуктоо сөзүн айтты.
Белгилей кетсек, ККДКЖ институтунун Жогорку кесиптик билим берүү тездетилген программасы аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен сырттан окуу формасы боюнча кесиптик жогорку билим берүүнүн базасында адистерди даярдайт. Бул программанын өзгөчөлүгү, окуусун жумуш менен айкалыштырган республиканын бардык аймактарында билим берүү, укук коргоо жана башка тармактарда эмгектенген экинчи жогорку билим алууга умтулган жарандар, алардын ичинде Жогорку Кенештин азыркы чакырылышынын депутаттары дагы бар.
Кыргыз Республикасынын Президенттинин 2025-жылдын 12-августундагы ПЖ № 236 Жарлыгына ылайык 2026-2027-окуу жылынан тартып орто жалпы билим берүүнүн базасында сырттан окуу формасы боюнча кабыл алуу токтотулду жана аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен сырттан окуу формасы боюнча адистерди даярдоого кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүүнүн базасында тездетилген программалар боюнча гана жүргүзүлөт.
(С) Бейшеналиева Б.Т. — ККДКЖ институтунун директорунун тарбия иштери боюнча орун басары




