2026 жылдын 29-30 апрель күндөрү факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Г.К.Осмоналиева Агартуу министрлигине караштуу Окуу китеби басма үйү мамлекеттик мекемеси уштурган:  «Улут келечегинин негизи: жаңы муундагы окуу-методикалык комплекстерди сапаттуу экспертизалоо жана күчтүү эксперттик маданиятты калыптандыруу» аталышындагы III форумга  эксперт катары  катышып, пленардык отурумда : “Кыргыз мектептерге орус тили боюнча даярдалган окуу китептерди экспертизадан өткөрүү өзгөчөлүктөрү (ойлор, тажрыйбалар, кеңештер)” аттуу баяндамасын презентациялады.

Баяндаманын аягында китептерди экспертизалоо боюнча тажрыйба алмашып, “Уңгу жол — улуттук дем” КР Президентинин доктринасынын  негизинде окуу китептерди түзүү боюнча айрым  кеңештери менен бөлүштү.

Форумдун  негизги максаты:

  • көп тилдүү билим берүүдө китептерди түзүүдө мамлекеттик тилдин ролун өркүндөтүү жана  башка тилдердин ордун аныктоо;
  • окуу материалдарына экспертиза жүргүзүү системасын өркүндөтүү;
  • эксперттерди даярдоо системасын өнүктүрүү;
  • инклюзия, антидискриминациялык жана гендердик экспертизанын принциптерин эске алуу менен окуу материалдарын экспертизадан өткөрүү практикасын өнүктүрүү;
  • окуу материалдарына экспертиза жүргүзүү процессинде заманбап санариптик инструменттерди колдонуу жана киргизүү.

Форумдун  жүрүшүндө:  КР.Агартуу министрлигинин жана ЖОЖдордун, китепкана кызматкерлердин адистери катышты.

Форумдун аягында: дискуссия панели,  сертификаттарды тапшыруу аземи , сунуш-пикирлерди кабыл алуу жана резолюцияны кабыл алуу болуп өттү.

(С) Г.К.Осмоналиева — факультеттер аралык мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы

Добавить комментарий