2026-жылдын 28-апрелинде КУУнун чоң жыйындар залында Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Мамлекеттик жана муниципалдык башкарууну өнүктүрүүнүн заманбап тенденциялары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Иш-чарага мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медетбек Шеримкулов, Жогорку Кеңештин депутаты Медер Чотонов, КР Президентинин Иш башкармасына караштуу «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, илимпоздор жана эл аралык коноктор катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө факультеттин түптөөчүлөрү Токон Ожукеева, Аалыбек Акунов жана жалпы жамаат факультет 1996-жылы Кыргыз Республикасында мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын реформалоо шартында түзүлгөнүн белгилеп, анын өнүгүү этаптарын талкуулашты.

30 жыл аралыгында 1500дөн ашуун адис даярдаган факультет бүгүнкү күндө да өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзгөн мамлекеттик башкаруунун жаңы муунун тарбиялоону максат кылып келет.

Мамлекеттик ишмер Медетбек Шеримкулов өз сөзүндө жасалма интеллект өнүгүп жаткан шартта мамлекеттик жана муниципалдык башкарууну окутууда жаңы багыттарды камтуу зарылдыгын белгилеп, бул факультет өзүнө өзгөчө жакын экенин кошумчалады.

Пленардык жыйында КУУнун аймактык маселелер боюнча проректору Кундузгүл Базакеева факультеттин илимий потенциалы, мамлекеттик кызматкерлерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, о.э. практикага багытталган билим берүү тууралуу баяндама жасады. Ал аталган факультетте дээрлик 26 жыл жетекчилик кызматты аркалаган.

Мындан тышкары конференцияда муниципалдык башкарууда санариптик инструменттерди колдонуу, Казакстандын жаңы Конституциясындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери, мамлекеттик кадр резервиндеги көйгөйлөрү жана келечеги, жергиликтүү башкаруу системасын реформалоонун жаңы багыттары  жана башка темалар  боюнча баяндамалар жасалды.

Добавить комментарий