2026-жылдын 24-апрелинде Химия жана химиялык технология факультетинин 1-курс студенттери Бишкек шаарындагы Борбордук контролдоо-аналитикалык лабораториясына экскурсияга барышты.
Студенттер аталган ишкананын жумушу жѳнүндѳ толук маалымат алышты. Заказ боюнча көптөгөн ишканалардын даяр продукцияларынын (дары-дармектер) сапатына контроль жүргүзүшүп, эл үчүн өтө маанилүү иштер жасалаарына күбө болушту.
Лабораториянын негизги функциялары болуп физика-химиялык жактан сыноодон өткөрүү, сырьену жана даяр изделияларды текшерүү, мамлекеттик стандартка жараша жыйынтыктардын тууралыгын камсыздап, протоколдорду берүүсү саналаарын түшүндүрүп беришти.
Студенттер чоӊ кызыгуу менен угуп, кызыккан суроолоруна толук жооп алышты. Айта кетчү нерсе, лабораторияда иштеп жаткан биздин факультеттин бүтүрүүчүлөрү менен студенттер кызыктуу баарлашып, өздөрүнүн келечектеги кесибин көрө алышты.
(С) Осмонова С.С. — тарбия иштери боюнча декандын орун басары, доцент
