Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин студенти республикалык ЖОЖдор аралык «Улуттук  уңгу — улуттун келечеги» аталышындагы мамлекеттик тил боюнча олимпиададан 1-орунду багындырды.

Ушул жылдын 17-апрелинде Жалал-Абад облусунун Манас шаарындагы Заманбап эл аралык университетинде жогорку окуу жайлар аралык мамлекеттик тил боюнча студенттердин 3-республикалык олимпиадасы өткөрүлдү.

Аталган билим таймашында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети ийгиликтүү катышып, топтук иш боюнча 2-орунду ээледи.

Мындан сырткары, КУУнун МжМБ факультетинин 1-курсунун студенти Баялиев Нурбол өзүнүн долбоорун жогорку деңгээлде даярдап, калыстар тобунун баасын алып, 1-орунду багындырды.

Бул жетишкендиктер студенттердин мамлекеттик тилди терең өздөштүрүп, илимий-чыгармачылык потенциалын ийгиликтүү көрсөтө алгандыгын айгинелейт.

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультетинин жамааты жеңүүчүлөрдү куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайт!

(С) Джапарова Г.Э. — МжМБ факультетинин декандын тарбия иштери боюнча орун басары

Добавить комментарий