2026-жылдын 23-апрелинде “Бозжол” философиялык изилдөө борборунда “Маданий эс тутум – улуттук иденттүүлүктүн өзөгү катары” аттуу эл аралык семинар өткөрүлдү.

Аталган илимий иш-чара Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин философия бөлүмү жана Түркиянын Жылдыз техникалык университетинин педагогика бөлүмү менен биргеликте уюштурулду. Семинарга Кыргызстан жана Түркия мамлекеттеринин алдыңкы окуу жайларынын окумуштуулары, окутуучулары, изилдөөчүлөрү жана жаш илимпоздор катышты.

Семинардын негизги максаты – маданий эс тутумдун улуттук иденттүүлүктү калыптандыруудагы ролун философиялык жана маданий талдоонун негизинде кароо, ошондой эле заманбап коомдогу эс, тарых жана иденттүүлүк маселелерин кеңири талкуулоо болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү мазмундуу баяндамалар сунушталды:

  1. Урманбетова Жылдыз Карыбаевна – «Улуттук мамлекеттин контекстинде маданий иденттүүлүк»
  2. Кадыров Арген Ишенбекович – «Тарыхый жана мифологиялык эс тутум»
  3. Вефа Ташделен – «Эстөө жана унутуу: маданий эс тутумдун формалары катары сүйлөө жана жазуу»
  4. Каниметов Эмил Жангорозович – Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун (ИСИТО) проректору семинарда сөз сүйлөп, маданий эс тутум маселелерине өз көз карашын билдирди
  5. Мустафа Гүндүз – «Осмон доорунун акыркы мезгилинде билим берүү жана иденттүүлүктүн калыптанышы»
  6. Барыш Мутлу – «Нарративдик иденттүүлүк жана маданий эс тутум: улуттук иденттүүлүктү нарративдик “Мен” аркылуу кайра карап чыгуу».

Мындан тышкары, семинарда Кыргызстандагы жана Түркиядагы бир катар жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышып, маданий эс тутум, билим берүү, иденттүүлүк жана коомдук трансформация маселелери боюнча активдүү илимий талкуу жүргүзүштү.

Семинардын модераторлору болуп философия илимдеринин өкүлдөрү Урманбетова Жылдыз Карыбаевна жана Абдрасулов Саветбек Мисиркулович иш алып барышты.

Иш-чара кыргыз, орус, түрк жана англис тилдеринде өткөрүлүп, бул анын эл аралык мүнөзүн жана академиялык диалог үчүн ачык аянтча экендигин дагы бир жолу тастыктады.

Жыйынтыгында семинар катышуучулары маданий эс тутумду изилдөө улуттук иденттүүлүктү түшүнүүнүн негизги багыттарынын бири экендигин белгилешип, бул темада мындан аркы илимий кызматташууну өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.

(С) Арген Кадыров — философиялык изилдөө борборунун илимий кызматкери

Добавить комментарий