2026-жылдын 19-апрелинде Кыргыз-Европа факультетинин 1-курс студенттери Бурана тарыхый комплексине ага окутуучу Чынара Эсентурова менен чогуу барып келишти.

Профсоюз уюмунун колдоосу менен ишке ашырылган сапардын негизги максаты — студенттерди Кыргызстандын тарыхый жана маданий мурастары менен жакындан тааныштыруу, алардын дүйнө таанымын кеңейтүү жана патриоттук сезимин калыптандыруу, студенттердин ортосундагы ынтымакты бекемдөө, өз ара түшүнүшүүнү өнүктүрүү жана жаңы достук байланыштарды түзүү. 

Мындай иш-чаралар жаштардын билим деңгээлин жогорулатуу менен катар, алардын руханий жактан өнүгүүсүнө да олуттуу салым кошот.

(С) Эсентурова Чынара — КЕФтин ага окутуучусу

Добавить комментарий