2026-жылдын 21-апрелинде Социалдык-гуманитардык илимдер институту тарабынан «Социалдык-гуманитардык чөйрөдө академиялык мобилдүүлүк программаларын ишке ашыруу жана келечеги» аттуу темада онлайн-конференция өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргызстан менен Казакстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана академиялык байланыштарды чыңдоо алкагында уюштурулду. Конференциянын өнөктөшү катары Казак улуттук кыздар педагогикалык университети катышты.
Казакстан тараптан конференцияга төмөнкү өкүлдөр катышты:
- Социалдык-гуманитардык илимдер жана искусство институтунун директору — PhD доктор Сапаров Бахытжан Жолдыбай улы;
- социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын программалык лидери — саясий илимдердин доктору, доцент Иманбекова Бибигуль Ильясовна;
- окуу иштери боюнча директордун орун басары — Абдыханова Айгерим Ермаханқызы;
- социология илимдеринин кандидаты, доцент Амитов Султанкожа Абдукадырұлы;
- кафедранын магистрлери — Иманбаева Сандуғаш Жайымбаевна жана Дабылтаева Мақпал Мамедалиевна.
Кыргызстан тараптан конференцияга төмөнкү өкүлдөр катышты:
- Социалдык-гуманитардык илимдер институтунун директору, доцент Жусубалиев А.Р.;
- социология жана социалдык иш кафедрасынын башчысы Малтабаров Б.А.;
- социология кафедрасынын доценттери Шайылдаева А.К. жана Кошбакова Б.М.;
- философия, тарых теориясы жана маданият кафедрасынан доцент Качкынова А.Т.;
- философия илимдеринин кандидаты, доцент Апсаматова Э.Дж.
- илимий иштери боюнча директордун орун басары Байбосунова Г.У.
Жолугушуунун алкагында эки жогорку окуу жайдын ортосунда тажрыйба алмашууну күчөтүү, окутуучулар менен студенттер үчүн академиялык мобилдүүлүктүн жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзүү, ошондой эле келечекте биргелешкен билим берүү жана илимий демилгелерди ишке ашыруу маселелери да кеңири каралды. Мындай өз ара кызматташтык жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, илимий байланыштарды чыңдоого жана эл аралык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.
Жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташтыкты улантууга кызыкдар экенин билдирип, академиялык мобилдүүлүк программаларын кеңейтүү, биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жана социалдык-гуманитардык багыттагы өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүү боюнча ниеттерин белгилешти.
(С) Шайылдаева Асель — социология илимдеринин кандидаты, доцент


