2026-жылдын 19-март күнү Компьютердик технологиялар жана жасалма интеллект институтунун «Программалык инженерия» билим берүү программасынын (ББП) 2 жана 3-курс PhD докторанттарынын илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктары боюнча онлайн жана оффлайн форматта илимий семинар болуп өттү. Иш-чара диссертациялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын сунуштоо, тажрыйба алмашуу жана актуалдуу илимий маселелерди талкуулоо максатында уюштурулду.
Семинардын жүрүшүндө PhD докторанттар өздөрүнүн илимий долбоорлорунун алкагындагы негизги жетишкендиктери, Scopus, Web of Science базаларына жарыяланган макалалары тууралуу баяндама жасашты. Изилдөөлөрдүн теориялык жана практикалык натыйжаларына, алардын илимий жаңылыгына, ошондой эле андан ары өнүктүрүү келечегине өзгөчө көңүл бурулду.
Семинарга PhD докторанттардын илимий жетекчилери, ББПнын профессордук-окутуучулар курамы катышты. Докладдардын жыйынтыгы боюнча докторанттар изилдөөлөрдү толуктап иштеп чыгуу, макалаларды жарыялоо жана диссертацияларды коргоого даярдоо боюнча сунуштарды алышты.
Илимий-изилдөө иштери боюнча семинарларды өткөрүү жаш изилдөөчүлөрдүн илимий дараметин өстүрүүгө, академиялык чөйрөнү чыңдоого жана PhD докторанттарын даярдоонун сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Семинардын жыйынтыгы менен мындан аркы изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу багыттары аныкталып, докторанттардын илимий ишмердүүлүгүн активдештирүү жана эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча кадамдар белгиленди.
(С) Э.Ж.Баялиева — «Программалык инженерия» билим берүү программасынын жетекчиси