Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Чет тилдер институтунун өкүлдөрү 2026-жылдын 16-мартынан 23-мартына чейин Францияда академиялык мобилдүүлүк программасына катышты. Иш сапар Erasmus+ эл аралык программасынын алкагында Пуатье университетинде өттү.
Сапардын негизги максаты — билим берүү тармагындагы эл аралык кызматташууну кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана эки университеттин ортосундагы өнөктөштүктү чыңдоо болду. Делегациянын курамында Чет тилдер институтунун директору Кенжебай Уметов, роман-герман тилдер кафедрасынын башчысы Мария Акчекеева жана окутуучу Алия Токтогулова болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө профессор Мария Акчекеева «Манас — кыргыз элинин руханий мурасы» аттуу темада лекция окуп, Пуатье университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери тарабынан чоң кызыгуу жаратты.
Мындан тышкары, Кенжебай Уметов немис тилдүү аудитория үчүн Кыргызстандын билим берүү системасы тууралуу лекция өткөрдү.
Иш сапардын алкагында делегация Пуатье университетинде окуп жаткан Чет тилдер институтунун студенттери менен жолугушту. Жолугушууда эки тарап мындан аркы кызматташуунун багыттарын, анын ичинде билим берүү жана илимий долбоорлорду өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле университеттин өкүлдөрү менен жолугушуулар өттү: тилдер жана адабияттар факультетинин деканы, профессор Стефан Бикиало, Борбордук Азия боюнча долбоорлордун координатору жана эл аралык мамилелер факультетинин деканынын орун басары Личия Бажини, ошондой эле немис тили кафедрасынын башчысы Сильвен Фор.
Жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөө жана академиялык алмашууну кеңейтүү боюнча өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Белгилей кетсек, Erasmus+ эл аралык программасынын алкагында Пуатье университетинде Чет тилдер институтунун 100дөн ашык студенти билим алууга мүмкүнчүлүк алышкан. Ошондой эле университеттин окутуучулук жана административдик курамы тарабынан 60ка жакын академиялык жолугушуулар ишке ашырылган.
(С) Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары