2026-жылдын 16-мартында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Окуу-методикалык кеңешинин (ОМК) окуу процессинин сапатын арттырууга жана билим берүүдөгү заманбап өзгөрүүлөргө багытталган отуруму болуп өттү. Аталган кеңештин төрагасы, биринчи проректор-окуу иштери боюнча проректор Алайбек Шамшиев жетекчилиги астында өткөн жыйында университеттин интеллектуалдык потенциалын бекемдөөгө багытталган стратегиялык чечимдер кабыл алынды.

Отурумда Улуттук университеттин илимий казынасын байытуу максатында мамлекеттик тилдеги окуу куралдарына өзгөчө басым жасалды. Физика жана электроника факультетинин доценти С.Кадышовдун «Электроника III: Аналогдук жана санариптик схемотехника» аттуу терең илимий эмгеги КР Билим берүү жана илим министрлигинин грифи менен басып чыгарууга сунушталды. Экономиканын жогорку мектеби менен Кыргыз филологиясы факультетинде даярдалган жаңы окуу куралдары талкууланып, алардын окутуунун сапатын жогорулатуудагы ролу белгиленди.

Университеттин эл аралык мейкиндиктеги атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатында, Бүткүл дүйнөлүк банктын гранттык колдоосу менен География, экология жана туризм, Биология, Химия жана химиялык технологиялар факультеттеринде ишке ашырыла турган «Суу саясаты жана коопсуздук», «Экоаналитика», «Медициналык жана фармацевтикалык химия» аталышындагы бир катар эксперименталдык магистратура багыттарын ачуу демилгеси колдоого алынды. Билим берүүдөгү чек араларды жоюу максатында Кыргыз-япон институтунун Японияда тажрыйба топтоп жаткан студенттери үчүн окуу процессин ийкемдүү уюштуруу маселеси каралды. Теориялык сабактарды онлайн форматта өткөрүү — студенттердин эл аралык практикасын үзгүлтүккө учуратпай, теория менен тажрыйбаны бирдей айкалыштырууга мүмкүндүк берет.

Жыйындын жүрүшүндө университеттин ички жоболору жана билим берүү программалары жаңы билим берүү стандарттарына ылайык каралып, бекитилди. Бул кадам КУУнун билим берүү ишмердүүлүгүнүн укуктук базасын бекемдеп, окутуунун ачык-айкындуулугун камсыз кылат.

(С) А.Ы.ИманходжаеваОМКнын катчысы, билим берүү сапатынын менеджмент системасы департаментинин, лицензиялоо жана аккредитациялоо бөлүмүнүн башкы адиси

Добавить комментарий