2026-жылдын 18-мартында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Нооруз майрамына арналган иш-чаралар башталды. Ректор Догдурбек Чонтоев баштаган жетекчилер, кызматкерлер жана студенттер салттуу тамакка айланган сүмөлөк бышыруу процессине катышып, тилек айтышып, жөрөлгөлөр аткарылды.

Бул самаалыктан кийин Нооруздун шаңын алгачкылардан болуп №10 окуу имаратында жайгашкан юридика колледжи баштап берди. Окуу жайдын жамааты боз үй тигип, улуттук оюндарды ойноп, кол өнөрчүлүктү көрсөтүп, элдик ыр-бийлерди аткарышты. Айрыкча, окутуучулардан тарта студенттерге чейин улуттук кийим кийип, кыргыздын баалуулуктарын даңазаланганы ректорат тарабынан жогору бааланды. Ректор Улустун улуу күнүнө карата уюштурулган ар бир иш-чара Улуттук университеттин ынтымагын бириктирип, маданиятыбызды жаштарга урматтоого, сактоого көрсөтүүгө эң жакшы мүмкүнчүлүк берээрин белгиледи.

Ал эми 19-март күнү эрте менен Нооруз майрамынын башкы салты — даяр болгон сүмөлөктү ачуу жана даам татуу аземи өткөрүлдү. Ректор баштаган топ сүмөлөк бышкан үч казандын капкагы ачылган соң, бетине чыккан сүрөттөрүн карап, келерки жылга каалоо-тилектерин айтышты.

Сүмөлөк кайнатуунун башталышы…

Юридикалык колледждеги майрамдык иш-чара

Сүмөлөктү ачуу жана даам татуу аземи

Добавить комментарий