2026-жылдын 17-мартында Ж.Баласагын атындагы КУУнун Тилдер академиясында окутуучулар Ю.Н.Бессмельцева менен С.Ж.Жанчарбекова тарабынан уюштурулган «Нооруз — жаз майрамы» аттуу иш-чара чет элдик тил үйрөнүүчүлөрдүн катышуусу мененболуп өттү.
Майрамдык салтанат Умай эненин алас айтуусу менен башталды. Угуучулар “Жаз” мезгили жөнүндө кыргызча жана орусча ырларды, макал-лакаптарды, жаңылмачтарды, табышмактарды айтышты. Япониядан келген тил үйрөнүүчү кыргыз комузун чертип, ырдап берди. Кореядан жана Түркиядан келген студенттер белгилүү кыргыз акын-жазуучуларынын ырларын көркөм айтып беришти. Кытайдан келген тил үйрөнүүчүлөр кыргыз бийин жогорку деңгээлде бийлеп беришти. Дагы студенттер мукам үн менен кыргызча, япончо, корейче обондуу ырларды ырдап беришти.
Иш чаранын акырында Академиянын башчысы Т.И.Симонович студенттерди «Жаңы күн” майрамы менен куттуктады.
Иш чаранын экинчи бөлүмүндө студенттер улуттук оюндар: чака чапмай, кол күрөш, аркан тартыш, тогуз коргоол ойношту жана улуттук тамак аштардан (сүмөлөк, боорсок, курут) ооз тийишти. Окутуучулар жана студенттер кыргыз элинин улуттук кийимдерин кийишип, ырдашып, бийлешип, улуттук оюндарга катышып, абдан көңүлдүү отурушту. Улуттук оюндун жеңүүчүлөрүнө белектер тапшырылды.
Тилдер академиясынын окутуучулары кесиптештерди Жаз майрамы менен куттуктап, элибизге тынчтыкты, токчулукту, молчулукту, аманчылыкты каалашат.
(С) С.Ж. Жанчарбекова — Тилдер академиясынын окутуучусу