2026- жылдын 17-март күнү башкы имараттагы чоң жыйындар залында И.Исамидинов атындагы педагогикалык институту тарабынан «Эко-медиа жана дене тарбия» аталышындагы студенттик жаштар форуму өткөрүлдү. Иш-чаранын максаты — жаштарды атуулдук жоопкерчиликке, социалдык активдүүлүккө, маалыматтык жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү колдоно билүүгө, дене жана рух маданиятын өнүктүрүүгө, айлана-чөйрөнү коргоого багытталган.
Форумдун коноктору эко-дайвер жана активист Кубанычбек уулу Бекжан, Кыргызстандын «NABU» жаратылышты коргоо уюмунун мониторинг бөлүмүнүн жетекчиси Махмутов Сүйүнбек, эко-активист Жумабеков Арген, эко-блогер Амантур кызы Жибек, «Комбат жиу-житсу» спорту боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону жана Азиянын 4 жолку чемпиону Кадыров Бакыт, спорт чебери, бокс боюнча Кыргыз Республикасынын эки жолку чемпиону Алимбеков Мухаммед болушуп, маанилүү маалыматтар менен бөлүштү жана катышуучулар менен биргеликте талкууга түшүштү.
(С) Сейталиев Максат — И.Исамидинов атындагы педагогикалык институтунун директорунун тарбия иштери боюнча орун басары