2026-жылдын 6-мартында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 8-Март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата Жаштар саясаты жана спорт боюнча департаменти тарабынан уюштурулган “Кош жылдыз–2026” чыгармачыл сынагы болуп өттү.

Сынакка университеттин окуу түзүмдөрүндө иштеген жана окуган окутуучулар менен студенттерден куралган төмөндөгү 8 дует катышты:

  • Экономиканын жогорку мектеби: финансы жана кредит кафедрасынын ага окутуучусу Кадырбердиева Гулида жана 1-курс студенти Жапаков Актан;
  • Кыргыз-европа факультети: ага окутуучу Эсентурова Чынара жана 2-курс студенти Тешебаев Эмирбек;
  • Эл аралык медицина жана илим институту: ага окутуучу Чоңмурунова Нуржамал жана 3-курс студенти Сагар;
  • Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети: мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу билим берүү программасынын жетекчиси Нурматова Гулсайра жана 1-курс студенти Катаганов Арсланбек;
  • Кыргыз-кытай изилдөө институту: институттун директору Апаева Софья жана 2-курс студенти Чымырбаев Тынчтык;
  • Юридикалык институт: бажы иши жана укук таануу кафедрасынын ага окутуучусу Кожогулов Мирбек жана 2-курс студенти Раимбаева Нурзида;
  • Физика жана электроника факультети: физиканы окутуунун технологиялары жана табият таануу кафедрасынын лаборанты Тыныбек кызы Айдана жана 4-курс студенти Ратбеков Ринат;
  • Кесиптик колледж: тарбия иштери боюнча директордун орун басары Болотбеков Чыңгыз жана 1-курс студенти Жолдошбек кызы Элзат.

Иш-чараны КУУнун ректору, Догдурбек Чонтоев ачып, залда отурган айымдарды 8-Март – майрамы менен куттуктады жана сынактын катышуучуларына ийгиликтерди каалады. Майрамдык куттуктоосун о.э. кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков да айтты.

Өнөр таймашынын калыстар тобуна Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын кызматкери, белгилүү композитор Нурланбек Нышанов, Кыргыз улуттук «Манас» театрынын артист-дастанчысы Атамкулова Айтбүбү жана Кыргыз улуттук «Манас» театрынын төкмө акыны, республикалык жана жана эл аралык айтыштардын жеңүүчүсү Мухаммед Султанов киришти.

2 турдан турган сынактын жүрүшүндө дуэттер адегенде белгилүү ырды аткарышып, андан кийин поэзия менен актердук чеберчиликти камтыган өнөр көрсөтүштү.

3 саатка созулган “Кош жылдыз–2026” чыгармачыл сынагынын жыйынтыгы төмөндөгүдөй болду:

  • 1-орун: Физика жана электроника факультети (лаборант Тыныбек кызы Айдана жана 4-курс студенти Ратбеков Ринат);
  • 2-орун: Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу факультети (билим берүү программасынын жетекчиси Нурматова Гулсайра жана 1-курс студенти Катаганов Арсланбек);
  • 3-орун: Кыргыз-Кытай изилдөө институту (институттун директору Апаева Софья жана 2-курс студенти Чымырбаев Тынчтык).

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы дипломдор жана баалуу сыйлыктар тапшырылды.

Добавить комментарий