2026-жылдын 10-март күнү Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин (ББПжУАА ) эксперттик комиссиясы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ЖОЖдон кийинки, жогорку жана орто кесиптик билим берүү программаларын аккредитациялоо боюнча өз ишин баштады.

Комиссия мүчөлөрү адегенде башкы имараттагы санариптик технологиялар борборунда Улуттук университеттин администрациясы, акрредитациядан өтүүчү түзүмдөрдүн жана билим берүү программаларынын жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.

Жыйынды КУУнун ректору, профессор Догдурбек Чонтоев ачып, аккредитациядан өтүү — жогорку окуу жайлардын академиялык кадыр-баркын жана имиджин жогорулатуучу процедура экенин, жаңы билим берүү формаларын издөөнүн жана эмгек рыногунун заманбап чакырыктарына жооп берүүнүн натыйжасы болгон көпчүлүк билим берүү программалары биринчи жолу аккредитациядан өтүүгө сунушталып жаткандыгын, университеттин жетекчилиги менен окуу түзүмдөрүнүн жамааты бул программаларды өз алдынча баалоо боюнча зор иштерди аткарганын белгилеп, «Сиздердин бул программаларга берген бааңыздар аларды андан ары өркүндөтүү жана жакшыртуу үчүн эң маанилүү кадам болуп калат. Ошондуктан, Комиссиянын ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даярбыз. Баарыбызга чыгармачылыктуу жана жемиштүү иш каалайм», — деди.

ББПжУАА директорунун орун басары Кубаныч Раматов эксперттик комиссиянын, ал эми КУУнун биринчи проректору Алайбек Шамшиев университеттин түзүм жетекчилери менен тааныштырган соң, Улуттук университет тууралуу кыскача видео-ролик көрсөтүлдү.

Жолугушуудан кийин, эксперттик комиссиянын мүчөлөрү КУУнун инфраструктурасы менен таанышууга киришти.

С.Д.Иткин атындагы оор атлетика залындагы Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев менен жолугушуу

Студенттерди тейлөө борбору

А.Табалдиев атындагы илимий китепкана

Добавить комментарий