2026-жылдын 6-мартында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев КУУга бириктирилген үч аймактык окуу жайлардын жетекчилери жана университеттин бөлүм башчылары менен жыйын өткөрдү.
Догдурбек Чонтоев мурдагы Баткен, Нарын, Талас мамлекеттик университеттеринин ректорунун милдетин аткаруучуларын жамаатка тааныштыруу менен алдыда аткарылчу иштерге токтолуп, Улуттук университеттин бөлүм башчыларына окуу процессине, академиялык мобилдүүлүк, илимий иштер жана техникалык тейлөөгө байланышкан маселелер боюнча аймактык университеттер менен тыгыз иштеп, жаралган суроолорду өз убагында жана так чечүү тапшырмасын берди.
Аймактык маселелер боюнча проректор Кундуз Базакеева КУУнун бөлүмдөрү менен аймактык окуу жайлардын түзүмдөрү арасындагы байланышты күчөтүп, бардык багыт боюнча активдүү иштешүү зарыл экендигин билдирди.
Жумушчу жолугушууда КУУнун бөлүм башчылары менен аймактык окуу жайлардын жетекчилери бири-бири менен жакындан таанышып, жумуш боюнча керектүү маалыматтарды алышып, алдыда бирге аткарчу иштерди талкуулашты.