2026-жылдын 6-март күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев университеттин асыл айымдарын 8-март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Майрамдык иш-чара 75-80 жаш курактагы үзүрлүү эмгеги бар шттаттык кызматтагы профессор-окутуучу эжейлер үчүн уюштурулду.

Догдурбек Чонтоев ардактуу айымдарга гүл жана чакан белектерин тапшыруу менен, келген бардык эжейлерге Улуттук университеттин өнүгүшүнө үзүрлүү салым кошкондугу үчүн ыраазычылык билдирип, “Сиздер миңдеген студенттерди тарбиялап, аларды турмуш жолуна багыт берген улуу муундун өкүлдөрүсүздөр. Бүгүнкү күндө бардыңыздардын эмгекчилдигиңиздер, принципиалдуулугуңуздар, кесипкөйлүгүңүздөр жана адамгерчилигиңиздер жаш муундарга үлгү. Сиздердин терең билимиңиздер, руханий байлыгыңыздар биздин университет үчүн чоң ресурс. Сиздерге ден соолук, узун өмүр каалайм!” — деди.

Майрамдык жыйында университеттин ардактуу айымдары ушу тапта да талыкпай иштеп, окуу жайда жасалып жаткан иштерге күбө болуп келе жаткандары тууралуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча проректор Назаркул Ишекеев, инвестициялар боюнча проректор Гүлбара Сыдыкова, аймактык маселелер боюнча проректор Кундузгүл Базакеева жана бириккен кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Кубанычбек Жумабеков айтышып, улуу мундагы эжейлердин илимде да, үй-бүлөдө да, коомду тарбиялоодо да орду эбегейсиз экенин белгилешти.

Айымдар жамааты бүгүн атайы чакырып, сый-урмат көрсөтүп жаткан ректор Догдурбек Чонтоевге жана проректорлорго ыраазычылык айтышып, ар биринин эмгек жолу, ийгиликтери, чоң-чоң илимий иштери, сыймыктуу студенттеринин бардыгы дал ушул КУУ менен түзмө-түз байланыштуу болгонун, эми ардактуу окутуучулардын катарында болуп тургандарын билдиришти.

Добавить комментарий