2026-жылдын 5-мартында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору, профессор Догдурбек Чонтоев Президенттин жарлыгы менен университетке кошулган үч аймактык окуу жайлардын (Баткен, Нарын, Талас) жетекчилери менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Догдурбек Чонтоев менен Баткен, Нарын, Талас мамлекеттик университеттеринин (азыркы КУУнун Баткен, Нарын, Талас кампустарынын) жетекчилери эки тараптуу жыйынтыктоочу кабыл алуу/өткөрүп берүү актыларына кол коюшту.
Жыйындын соңунда ректор Улуттук университетке кошулган айтмактык үч университет менен алдыда бирдиктүү иш алып баруу зарылдыгын белгилеп, алдыда дагы түзүмдөр менен маалымат алмашуу иш-чаралары уюштурулапрын кошумчалады.
КУУнун аймактык маселелер боюнча проректору Кундузгүл Базакееванын айтымында, бириктирилген үч окуу жайдын бардык документ иштери соңку этапка жетип, Министрликтин буйругу чыккан соң, Юстиция министрлигинде катталышат.