2026-жылдын 5-март күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Жаштар саясаты жана спорт боюнча департамент тарабынан Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүнө карата уюштурулган иш-чара болуп өттү. Жыйынга илимий иштер боюнча проректор Мырзабек Камчыбек уулу, окутуучулар жана студенттер катышты. 

Проректор Улуттук университеттин жалпы жамаатын Ак калпак жана Улуттук кийимдер күнү менен куттуктап, улуттук кийим – элдин тарыхы, маданияты, каада салты жана турмушу экенин белгиледи жана «Нечен кылымдардан мурас болуп калган улуттук баш кийим — Ак калпакты майрам күнү эле эмес, башка күндөрү да башыбыздан түшүрбөй кийип, жаш муундарга үлгү көрсөтөлү», — деди.

Андан кийин студенттер Ак калпак күнүнө карата даярдалган флешмоб көрсөтүшүп, журналистика жана коммуникация институтунун студенти Нурдос Бексултанов “Ак калпак» ырын аткарды.

Майрамдык иш-чара аяктаган соң, Улуттук университеттин ак калпакчан студенттери Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясына чейин жөө жүрүш жасап келишти.

Белгилей кетсек, Ак калпак күнүн белгилөө демилгесин кинорежиссёр Рысбек Жабиров көтөрүп чыгып, Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 29-июнундагы токтому менен «5-март — Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү» катары жарыяланган.

Добавить комментарий