2026-жылдын 23–27-февраль күндөрү Чет тилдер институтунда англистика кафедрасы тарабынан салтка айланган “Англис тили жумалыгы” өткөрүлдү. Бул жумалык студенттердин чет тилин үйрөнүүгө болгон кызыгуусун арттырууга, алардын тилдик-коммуникативдик компетенциясын өнүктүрүүгө жана англис тилин практикалык чөйрөдө эркин колдонуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталды.

Иш-чаранын негизги максаты — студенттерди англис тилин активдүү жана аң-сезимдүү үйрөнүүгө шыктандыруу, заманбап методдор аркылуу окутуунун сапатын жогорулатуу, ошондой эле студенттердин чыгармачылык дараметин ачуу болду.

Жумалык расмий ачылыш аземи менен башталып, анда институттун жетекчилиги жана кафедранын окутуучулары студенттерге ийгилик каалап, иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилешти. Өз сөздөрүндө алар чет тилдерди билүү бүгүнкү глобалдашуу доорунда кесиптик өнүгүүнүн жана эл аралык кызматташуунун негизги фактору экенин баса белгилешти.

  • Жумалыктын алкагында төмөнкү форматтагы иш-чаралар уюштурулду:
  • ачык сабактар жана экспресс-курстар;
  • лингвистикалык жана маданий лекциялар;
  • практикалык воркшоптор жана мастер-класстар;
  • өлкө таануу көргөзмөлөрү, презентациялар жана интерактивдүү талкуулар;
  • чыгармачыл концерттик программа жана тематикалык оюндар;
  • фото-бурчтар.

Студенттер англис тилин формалдуу гана эмес, реалдуу коммуникациялык кырдаалдарда колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул алардын тилдик ишенимин арттырып, командалык иштөө, сынчыл ой жүгүртүү жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

Иш-чаралар жогорку уюшкандыкта өтүп, катышуучулар тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынды. Студенттер өз пикирлеринде мындай жумалыктар билимди бекемдөөгө гана эмес, мотивацияны күчөтүүгө да чоң таасир тийгизерин белгилешти.

“Англис тили жумалыгы” студенттерге жаңы билим, күчтүү мотивация жана чыгармачылык дем берди. Иш-чаралардын ийгиликтүү өткөрүлүшү Англистика кафедрасынын жигердүү эмгегинин, окутуучулардын кесипкөйлүгүнүн жана студенттердин активдүү катышуусунун жемиши болду.

Чет тилдер институту мындан ары да студенттердин ар тараптуу өнүгүүсүнө багытталган билим берүү жана маданий иш-чараларды уланта бермекчи.

(С) Байболотова Ж.Т. — Чет тилдер институтунун директорунун тарбиялык иштер боюнча орун басары

Добавить комментарий