2026-жылдын  26-февралында Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин окутуучулары, ф.и.д, профессор Айман Акынбекова менен ф.и.к., доцент Назгүл Турдубаева Ош мамлекеттик университетинин  филология жана коммуникация институтунун “Кыргыз тили жана адабияты” адистиктеринин 4-курс студенттерине конок лекция өтүштү.

Профессор Айман Акынбекова “Түрк элдеринин байыркы жазма эстеликтери” деген лекция өтүп, байыркы жазма эстеликтер түрк тилдеринин тарыхый өнүгүшүн, лексикалык катмарын, грамматикалык түзүлүшүн изилдөөнүн негизги булактары катары карап, анын ичинде кыргыз элинин жазуу маданиятынын өнүгүү тарыхы, түрлөрү жана баскычтары тууралуу маалымат берди жана алар кыргыз элинин маданий жана мамлекеттик тарыхын аныктоодо чоң мааниге ээ экендигин айтты.

Назгүл Турдубаеванын лекциясы “Чет өлкөдөгү кыргыз адабияты” деген темада болуп, чет өлкөдөгү кыргыз адабияты жалпы кыргыз адабиятынын ажырагыс бөлүгү болуп саналары жана ал улуттук аң-сезимди, тилди жана маданий мурастарды сактоодо маанилүү роль ойноору тууралуу маалыматтар берилди.

Ушул эле темадагы лекциялар 2026-жылдын  27-февралында А.Ж.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин “Кыргыз тили жана адабияты” адистиктеринин 3, 4-курс студенттерине өтүлдү.

Лекциялар кызуу талкуу жана суроо-жооптор менен коштолду.

(С) А.У.Акынбекова – кыргыз тил илими кафедрасынын башчысы, профессор

Ош мамлекеттик университетиндеги лекциялар

А.Ж.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университетиндеги сабактар

Добавить комментарий